Борбордо өз үйүндө бир нече жылдан бери курал-жарактарды сактап жүргөн жаран кармалды

Бишкек шаарында үйүндө курал-жарактарды бир нече жылдан бери мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга борбордогу Тюмень көчөсүндө жана Жер-Казар айылындагы үйлөрдүн биринде белгисиз үлгүдөгү курал-жарактар сакталып келгендиги тууралуу маалымат түшкөн.  

Аталган даректеги үйлөрдү тинтүү учурунда 40 жаштагы С.Р. аттуу жарандын үйүнөн 5 аңчылык бычак, 12- калибрдеги курал-жарак, травматикалык тапанчанын ок-дарылары, 35-РЕСК үлгүсүндөгү газ тапанчасы, "Вальтер" үлгүсүндөгү тапанча, "Компакт" үлгүсүндөгү револьвер, "Сайга 410дун" 4 ок-дарысы, 9 миллиметрлик калибрдеги 13 ок-дары жана бир нече түрдөгү тапанча жана ар түрдүү калибрдеги ок-дарылар алынган.   

Сурак учурунда кылмышка шектүү катары кармалган жаран анын үйүнөн алынган курал-жарактарды бир нече жылдан бери сактап келгенин айткан. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, курал-жарактар тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан