Бишкекте уюлдук телефон уурдоого шектелип 10 жана 12 жаштагы өспүрүмдөр кармалышты

Борбордо "10 жаштагы кыздын уюлдук аппаратын уурдаган" деген шек менен 12 жана 10 жаштагы 2 бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 45 жаштагы Т.Бекмамат аттуу жаран кайрылган. Анда ал анын 10 жаштагы кызынын уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлор тарабынан мыйзамдуу өкүлдөрдүн катышуусунда 12 жаштагы У.Нурсултан жана 10 жаштагы И.Исмаил аттуу балдар Октябрь РИИБине алынып келинген. Учурда бул иш боюнча териштирүү жүрүүдө.      

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-02-04 14:09:30
3-4-класстын окуучулары да ошондо. Кинолорду эч кандай фильтр жок корсотуп, жаш балдар супер герой болом деген окшойт. Же GTAны коп ойнойбу ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан