Бишкек шаарында тоноочулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы Т.Рахат аттуу кыз кайрылган. Анда ал борбордогу көчөлөрдүн биринен белгисиз жаран күч колдонуу менен анын уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Ш.Алик аттуу жаран кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.