8-февралда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров боюнча өтүп жаткан сот ишинде УМККнын 9-кызматынын башчысы Замир Сабаев көрсөтмө берди. Анын айтымында, 3-октябрдагы митингде 3 киши тосмону таш менен ургулап, ачканга аракет кылган. Ошондой эле Сабаев өзүн жабырлануучумун деп эсептей турганын билдирип, "мыйзамды бузгандыгы үчүн айыпталуучулардын ар бирине дооматым бар" деди. Ал эми депутат Талант Мамытов митинг учурунда Сабаевди урбаганын айтып, "эгер мен аны көзгө урган болсом, энемдин ак сүтү уруп кетсин. Сабаев да каргансын" деди.