Кечээ, 3-февралда SUPER.KG порталына Оштогу Юридикалык институттун окутуучусу пара алып кармалгандыгы тууралуу маалымат чыккан. Кийинчерээк порталга аталган окуу жайдын басма сөз кызматынын жетекчиси Сабыр Бурканов кайрылып, алардын окуу жайында мындай факт катталбагандыгын айткан.
"Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай окутуучу биздин окуу жайда иштебейт. Ал 2010-жылы жумуштан айдалып кеткен",- деди С.Бурканов.
Бул маалыматты берген Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Айбек Токоевге кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
"Биздин мекемеге 24-январь күнү Абдыкадырова аттуу жаран арыз менен кайрылган болчу. Анда ал Оштогу Юридикалык институтта иштеген Санабар аттуу айым окуудан айдалган студенттерден окуусун кайра калыбына келтирүүгө жардам берем деп 20 миң сом алганын айткан. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 1-бөлүмү (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал окутуучу соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Ал айым аталган окуу жайда иштейби же иштебейби, тергөөнүн жүрүшүндө иликтенет. Иликтөө иштеринин кызыкчылыгына байланыштуу толук маалымат кийинчерээк берилет",- деди А.Токоев.