Ош облусунун Кара-Суу районунда 8-класста окуган кыздын боюнда болуп калганы боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине кыздын ата-энеси кайрылган. Анда алар 2000-жылы туулган кызынын боюнда болуп калганын айтып, курсактагы баланын атасын жазага тартууну суранышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Иликтөөдө кыздын боюндагы баласы 7,5 айлык экени белгилүү болгон.