Кызыл-Кыя шаарында үч адамдан турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалгандар Кадамжай жана Ноокат райондорунун 1988-жылы туулган тургундары. Алар 2 тоноо, 3 уурулук, 4 унаа уурдоо фактысы боюнча айыпталышууда. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.