Бүгүн, 4-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К.Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин комузчусу, Маданияттын мыкты кызматкери Канымгүл Райымбекованы ардактуу эс алууга узатуу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган филармониянын көркөм жетекчиси Улан Зайнидин билдирди.
Канымгүл Райымбекова 1967-1972-жылдары М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын “Эл аспаптары” бөлүмүнөн окуп билим алып, 1971-жылдан ушул күнгө чейин К.Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринде үзүрлүү эмгектенип келген.
"Таланттуу артистибизди Улуттук филармониянын башкы директору, КРнын Эл артисти К.Осмонов, Кыргыз Эл артисттери С.Жумалиев, С.Токтакунова, Г.Мамашева, жамааттын атынан оркестрдин башкы дирижёру С.Акматалиев жана башкалар каалоо-тилектерин, жылуу сөздөрүн айтып, ардактуу эс алууга узатышты",- дейт Улан Зайнидин.