КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев “Кыргыз кодекси” аттуу китеп жарык көргөнүн 4-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, китепте кыргыз элинин баалуулуктары, принциби, философиясы чагылдырылган. Анын ичинде мыйзам ченемдүүлүк, сөздүн, намыстын, башкаруунун, үй-бүлөнүн, жоокердин, жарандардын моралдык-этикалык эрежелери көрсөтүлгөн.
“Биз бир нече жылдан бери кыргыздарга карата туура эмес пикирлерди байкап келебиз. Мисалы, эже-карындаштарыбызга “ОБОН” деген терминди чаптап коюшту, тилекке каршы, бул ат Кыргызстанда гана колдонулат. Биз эмне үчүн аялзатыбыз “ОБОН” деп аталышы керек? Биздин апалар андай эмес. Мына ушундай пикирлерди жокко чыгаруу максатында бул китеп жарыкка чыкты. Анда кыргыз эли атам замандан бери сөзүнө бекем турган, кыраакы болгону баяндалат. Ошондой эле кыргыз кандай жоопкерчиликти алат, кандай мотивдер менен башкарат, жашоодо кандай принцип менен жашаш керектиги айтылат. Китепти окуган ар бир жаран өзүн таба алат деген ойдомун”,- деп кошумчалады Максат Чакиев. Белгилей кетсек, китептин бет ачары март айында болот.