Санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программанын чегинде пландалган бардык иш-чаралар аткарылды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программанын чегиндеги 2014-жылга карата пландалган бардык иш-чараларды аткарды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда аталган министрликтен билдиришти. 

Маалымат саясаты жана маалыматтык коопсуздук маселелери бүтүндөй отчёттук мезгил ичинде министрликтин көңүл чордонунда болуп келген. Анын негизги багыттарынын бири – өлкөдөгү телерадиоберүүнү санариптик форматка өткөрүү. 2014-жылы министрлик Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасы боюнча аталган жылга карата пландалган негизги маселелердин баарын жүзөгө ашыра алды. Жер үстү аркылуу эфирдик санариптик берүүнүн социалдык пакети түзүлгөн. Социалдык пакетти түзүүдөн мурда министрлик тарабынан жер үстү аркылуу эфирдик санариптик берүүлөрдүн телеканал жана радиоканалдардын социалдык пакетин түзүүнүн эрежеси жөнүндө жобону беките турган токтом долбоору иштелип чыгып, бардык министрлик жана ведомстволор менен макулдашылган. Ошондой эле шаар жана облустардын кинотеатрларында көркөм тасма көрсөтүүдөн мурда түшүндүрүүчү видеотүрмөктөрдү көрсөтүп туруу өтүнүчү менен Кинематография департаментине кат жөнөтүлгөн. 

Азыркы учурда “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу алдына калкка санариптик телерадиоберүүгө өтүүнүн этаптары тууралуу маалымат берип туруу боюнча улуттук кампанияны иштеп чыгуу жарыяланган. Министрликтин маалымат чөйрөсүндө иш алып баруусуна таасир этүүчү механизмдин пайда болгондугу жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Башкача айтканда, өткөн жылы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти түзүлүп, анда иштеген кызматкерлерге бул тармактагы бардык иштер жүктөлгөнү тууралуу жазылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
suiun74
2015-02-04 19:14:59
Ошто тартбай жатат
0
sagyn01
2015-02-04 19:46:33
Жакында ушу санарип боюнчада кылмыш иши козголсо керек, себеби биздикилер омуру жемейин иштеше алган емес
+2
alatookg312
2015-02-04 22:02:35
Бул жерде жалаң аялдарго аял киши телефонго жакшы түшүнбойтко санариптик техниканы кантип түшүнмөк еле
+1
bulbulboy
2015-02-04 22:23:29
санариптик берууну мен спутник аркылуу коруп атам, кыргыздын 4 каналын, жаны каналдарды кошсо болотго эми?эмне эле жудошот билбей атам? миллион деген сомдорду кетирип атат анан отурушат,казактар 1 эмес 5-6 спутникте 20 дан 40 ка чейин каналдарын тарттырып атышат,а кыргыздар 4 канал тарттырып коюп боолду.
0
danyshman
2015-02-04 22:42:59
Санарип деген неменер,жанакы 700 сомдук тюнер ревисер менен 180 сомдук кытай антеннасына сайып алып коргон каналдар эмесби.Кененирээ айтып койсонор билгенинер.Анан да бул жерде жалан аялдар иштейт экен го,жогоруда alatoo312 айтмакчы аялдар иштин козун билбейт эле анча.Суроттордо карасан кагаздарын чачып алып эмне жазышты билишбей баштарын таянып олтурушат го.Берки четте шубачан айым агентте жазышып жатат иш убагында иштебей.Ошентип санариптик аппаратты куйгузот да жакшы карабай.
0
mamashov-emil
2015-02-04 22:46:44
Kyrgyzstandyn telekanaldarynan bir ele ktrkny internetten korso bolobu bashka нтс kanalyn internetten online korso bolboibu superchiler bilsener aityp koigulachy sport kanaly achylat dep kulakty suiundurdu ele anyda kiyin internetten online korso bolobu?
0
novayariga
2015-02-04 23:28:51
Угушумда интернет пакет да алса болот деп уктум эле жогорку ылдамдыкта.(ушул цифровой тюнер аркылуу) Ушул жонундо да так маалымат берсенер жакшы болмок.
0
bazar
2015-02-05 07:15:20
Санариптик берүүгө өтөлек азыр. Шашпай турсаңар билбесеңер. Санараптик берүүгө өткөндө көргөн программаң үчүн акча төлөп көрөсүн. Телефонуңарга бирдик салгандай, телевизоруңарга бирдик салып көрө баштайсыңар. Эски телевизорлор өзүнчө приставка жардамы менен көрсөтөт, ал болбосо иштебей калат. У
0
temirov76
2015-02-05 10:07:39
Санариптик деген не озу айткылачы толугураак билгенинер,мен уйдо 1000сомдук тюнер м/н кыргыздын 5 6 каналын россиянын 3 каналын коруп олтурам ушул эмеспи danyshman айткандай?
0
bazar
2015-02-05 10:31:53
temirov76, санариптик берүүгө өтөлекпиз. Биз эмес Казакстан дагы өтөлек. Ушул жылдын ортосунда өтүш керек убада бойунча. Казакстан даяр азыр, биз даяр эмеспиз.
0
nazira1989
2015-02-05 20:02:44
Админ мен силерден отунучум, КТРдин МУЗЫКА,ФИЛЬМ каналдары бизде тартпай калды,ушул боюнча маалымат алып,билип бериниздерчи суранабыз???Жала-Абадда коргозуп жаткандыр,бизде айыл жергесинде жок болуп кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан