Ошто 18 жаштагы баланын өз теңдүүлөрдү Сириядагы согушка үгүттөп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 18 жаштагы Ош шаарынын М.Н. аттуу тургуну бир канча жаш баланы интернет аркылуу Сириядагы согушка тартууга жетишкен. Учурда Сирияга кеткендердин жана ал жакка барууга үгүттөөгө катыштыгы бар жарандардын өздүгү такталууда.