Өлкөнүн түштүгүндө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өлкөнүн түштүгүндө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-февраль күнү саат 19:39да Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 63 чакырым түштүк-чыгышта, Алай районунун борбору Гүлчө айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан