Асылбек Жээнбеков: "Айлыктарды жогорулатпай туруп электр энергияга болгон бааны кымбаттатуу туура эмес"

“Кыргызстандагы социалдык абал электр энергияга карата баалардын жогорулашына мүмкүнчүлүк бербейт”,- деди төрага 8-февралдагы КСДП фракциясынын жыйынында. Төраганын айтымында, быйыл электр энергиянын баасы көтөрүлөт деген сөз чындыкка дал келбейт. “Пенсия, жөлөк пул жана айлык маяналарды жогорулатмайынча электр энергияга болгон бааларды жогорулатуу болбойт. Биз 2 жылдан кийин пенсия менен жөлөк пулдарды көтөрүүнү пландоодобуз, андан соң тарифтерди жогорулатуу боюнча сөз кылсак болот”,- деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан