Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош-Бишкек унаа жолунун 344-чакырымында токтоп турган MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа артынан сүзгөн. Анын кесепетинен 1974-жылы туулган Атабек Арабаев (айдоочу) кырсык болгон жерден көз жумган.