Ысык-Ата районунда унаа уурдап айдап бараткан жаран жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 36 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал Мерседес үлгүсүндөгү унаасын жол боюна токтотуп койгонун жана аны белгисиз жарандар уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча кылмышкерди колго түшүрүү операциясы жүргүзүлгөн. Кийин унаа Новопокровка айылынан Мазда үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, анын кесепетинен Мазданын жүргүнүчүсү жаракат алып, ооруканага жеткирилгени аныкталган. Жол кырсыгы катталган жерден унааны уурдаган мас абалдагы жаран да кармалган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.