Сотто Камчыбек Ташиев УМККнын өкүлү Замир Сабаевди психиатрдык текшерүүдөн өткөрүү керектигин айтты

Бишкекте "ата журтчу" 3 депутат боюнча сот иши уланууда. Анда Ак үйдүн коопсуздугун камсыз кылган УМККнын 9-кызматынын жетекчиси Замир Сабаев сөз сүйлөп, депутаттардын 3-октябрдагы аракеттери тууралуу маалымат берди. Анын сөздөрүн уккан эл өкүлү Камчыбек Ташиев "Сабаевди психиатрдык текшерүүдөн өткөрүү керек" деген билдирүү жасады. "2 сааттан бери бул адам өзүнүн кол алдындагы кызматкерлерге сүйлөп жаткансып үнүн катуу чыгарып сүйлөп жатат. Эгер дагы ушундай ыргак менен сүйлөй берчү болсо, анда акылы ордунда экендигин текшертип көрүш керек",- деди Ташиев  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан