Маданият министри: “Окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы начар”

Маданият чөйрөсүндөгү билим берүү республикадагы билим берүү процессинин маанилүү бөлүгүн түзөт. Бирок окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы начар абалда. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Бишкекте өтүп жаткан маданият кызматкерлеринин республикалык семинар-кеңешмесинде билдирди. 

Ал окуу жайлар музыкалык аспаптар, ноталык басылмалар, китептер жана окуу куралдары менен толук камсыздалбаганын, билим берүүнүн сапатын чагылдырган окутуунун жаңы усулу жоктугун белгилеп өттү. 

Мындан тышкары тармак музей кызматкерлерине, реставраторлорго, декораторлорго, театр сынчыларына, арт-менеджерлерге муктаж экенин кошумчалады. "Республиканын жогорку окуу жайларында бул багыттарда адистер даярдалбайт. Режиссёрлорду, операторлорду, гримёрлорду даярдоо жетишсиз. Кадрлардын жетишсиздиги республиканын аймактарында көбүрөөк байкалып жатат",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан