Алтынбек Максүтов: "Туризм тармагында иштеген уюм жана ишканалар үчүн жакшы шарттарды түзүү керек"

Бүгүн, 5-февралда Бишкекте маданият кызматкерлеринин республикалык кеңешмесинде КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов: "Туризм тармагында жетишкендиктердин индикатору – ички дүң продукциясындагы туризмдин үлүшү. Ал туристтердин саны, чет өлкөлүк жарандардан түшкөн кирешелер, түзүлгөн жумуш орундарынын саны, салык өлчөмү менен шартталат",- деп билдирди.

Ал мамлекеттин негизги максаты туристтик индустриядагы уюмдардын жана ишканалардын иштеши үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү экенин белгилеп өттү. 

"Бул тармактын ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүн камсыз кылган заманбап мыйзамдарды жана ченемдик-укуктук базаны түзүү зарыл. Жылдан-жылга Кыргызстанга келген туристтердин санынын өсүп жатканы байкалат. Келген меймандарды тейлөөнүн сапаты да, саны да, бул тармакка багытталган инвестициянын көлөмү да былтыркы жылга салыштырмалуу жогору",- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан