"Ата Журт" партиясынын 3 депутаты боюнча өтүп жаткан сотто Ак үйдүн коопсуздугун камсыз кылган УМККнын 9-кызматынын башчысы Замир Сабаев 3-октябрда "Кумтөр" боюнча митинг болорун алдын ала уккандыгын айтып, "мен митинг тууралуу ошол кездеги УМККнын төрагасы Шамиль Атахановго билдиргем, бирок бул иш-чарага карата кандайдыр бир чара колдонууга менин укугум жок болчу" деди. Ал мындай сөздү аталган митингде модераторлук кылган Кубатбек Кожоналиевдин "Эмне үчүн бул митингдин алдын алууга аракет кылган жоксуз?" деген суроосуна жооп катары билдирди. Ал эми депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов анын дарегине айтылган сөздөрдүн чын же жалган экенин тактоо үчүн Ички иштер министри Шамиль Атахановду да сотко чакырууну өтүндү.