Бишкек шаарында техникалык талаптарга жооп бербеген жүргүнчүлөрдү тейлеген 95 кичи автобус маршруттук каттамдан чыгарылды. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын санитардык жана техникалык абалын жакшыртуу боюнча ар дайым иш жүргүзүлүп турат. Мындан сырткары жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты жаатында да текшерүүлөр болуп турат. Ал эми аталган 90 кичи автобустун 30у оңдолуп, кайра каттамга чыгууга уруксат берилген.