Бүгүн, 8-февралда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев акыйкатчы Турсунбек Акунду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы акыйкатчыдан балдардын, улгайган адамдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоого өзгөчө көңүл бурууну суранды.“Кыргызстанда укуктук билимди ырааттуу жакшыртууда, мекендештерде укук маданиятын калыптандырууда, мыйзамды бекем сактап жашоо зарылдыгын аңдап түшүнүүдө акыйкатчынын салымын арттыруу зарыл”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Турсунбек Акун акыйкатчынын Кыргызстандагы жакынкы аралыкка болжолдору жана келечеги жөнүндө маалымат берди.