Бишкекте Кыргыз Эл баатыры Жусуп Мамайды эскерүү кечеси өттү

Бүгүн, 5-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Эл Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайдын жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өттү. Иш-чарага КРнын Президентинин басма сөз катчысы Жанар Акаев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов катышты. 

"Келечегиңди билгиң келсе, тарыхыңа кайрыл" аттуу кечеде аталган филармониянын алдындагы К.Орозов атындагы оркестр, CCCРдин Эл артисти Самара Токтакунова, КРнын Эмгек сиңирген артисти Майрам Дүйшөкеева, төкмө акын Азамат Болгонбаев, "Ак марал" бий ансамбли чыгармачылыгын эл назарына коюшту.

Ошондой эле Кыргызстандагы белгилүү манасчылар Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев, Рысбай Исаков, Назаркул Сейдракманов, Улан Исмаилов, Замирбек Баялиев жана башкалар өнөрлөрүн тартуулашты.

Эске салсак, белгилүү манасчы Жусуп Мамай 2014-жылы 1-июнда 96 жаш курагында дүйнө салган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан