“Биз ар дайым коңшулар менен жалпы тил табышууга милдеттүүбүз” деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-февралда Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов менен жолугушууда. Өлкө башчынын айтымында, коңшулар менен тил табышуу чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин калыс чечүүгө негиз боло алат. “Чек ара кызматы натыйжалуу иштеши үчүн өкмөт керектүү көлөмдө каражат бөлүүгө тийиш”,- деди президент. Ал эми Токон Мамытов чек ара кызматындагы иштер менен өлкө башчыны тааныштырды.