
* Мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы обончу, ырчы
Асанкалый Керимбаев Аксы районунун Иринжит айылында туулган. 1967–1969-жылдары Токтогул райондук элдик театрында артист болуп иштеп баштаган. 1973-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.
1974–1984-жылдары Токтогул элдик театрында, кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеген. Асанкалый Керимбаев 100гө жакын обондун автору. Анын "Муңдашым Мунар, кайдасың?", "Кусалык", "Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат", "Сулуулар", "Ак булуттар" ж.б. ондогон обондору эл оозунда ырдалып келет. 
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Балыкчы округунун шайлоо комиссиясы "кримавторитет" катары таанылган
Рысбек Акматбаевди ЖКнын депутаттыгына талапкер катары каттаган. Анын талапкерлиги туурасында карама-каршы көп кырдуу пикирлер айтылган.
* Мындан 170 жыл мурун, 1845-жылы Уильям Ллойд аттуу вандал Британ музейинде сакталган дүйнөлүк искусствонун көрүнүктүү үлгүлөрүнүн бири – антикалык Портленд карапасын талкалаган. Портленд карапасы бийиктиги 25 см, кочкул көк жана ак түстөгү айнектен жасалган декоративдик идиш болгон. Идишке жети периште менен кадимки адамдардын айкелдери чегерилген. Портленд карапасы салыштырмалуу түрдө Рим шаарында б.з.ч. 20 же 30-жылдары жасалган.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Сочиде ХХI Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп, Орусиянын тарыхын, маданиятын чагылдырган шоу-программа көрсөтүлгөн. ХХI Кышкы Олимпиада оюндарынын тумарлары болуп Ак аюу, Илбирс жана Коён тандалган. Жалпысынан 1300дөй сыйлык даярдалып, 98 комплект медаль ойнотулуп, 88 өлкөдөн 3000дей спортчу келген.