
* Мындан 104 жыл мурун, 1911-жылы АКШнын 40-президенти
Рональд Рейган АКШнын Иллинойс штатындагы Тампико шаарында туулган. Рональд Рейган Кошмо Штаттарын 8 жыл башкарган. Президент катары Америкада социалдык реформаларды ишке ашырып, байлар менен жакырларды теңеген. Бирок ал дүйнө элинин эсинде элден мурда коммунизмге каршы жең түрө күрөшкөнү менен калган.
Рональд Рейган 69 жашында тактыга отурган. Америка тарыхындагы эң улгайган мамлекеттик жетекчи болгон. Ага карабастан, Советтер Союзунун төрт башчысы менен кызматташканга үлгүргөн: Леонид Брежнев, Юрий Андропов, Константин Черненко жана Михаил Горбачёв. Байкоочулар Рейган советтик державанын соңку башкаруучусу менен мыкты тил табыша билген дешет.
Рональд Рейган саясатка аралашардан мурун Америкада киноактёр катары таанымал болгон. Ал Голливуд жылдыздары Кларк Гейбл, Кэри Гранттыкындай атак-даңкка жете албаса да, өз күйөрмандары көп болгон. 1937-1964-жылдары ал баш-аягы 53 киного тартылган. 2004-жылы 5-июнда АКШнын 40-президенти Рональд Рейган 93 жаш курагында каза тапкан.

* Мындан 57 жыл мурун, 1958-жылы британиялык "British European Airways" компаниясынын учагы Мюнхендин аэропортунан бортунда 44 адамы менен кырсыкка учураган. Учакта “Манчестер Юнайтед” футбодук клубунун оюнчулары, машыктыруучулары, күйөрмандары жана журналисттер болгон. Кырсыктан 23 каза болуп, калганы оор жаракаттарды алышкан. Ал эми футболдук клуб 8 оюнчусу менен кош айтышкан.

* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы орусиялык "Биринчи каналдын" башкы директору, продюсер жана телеалпаруучу
Константин Эрнст Москвада туулган. Ленинграддагы №34-орто мектепти аяктап, ал эми 1983-жылы Ленинград университетинин биология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Илим-изилдөө институтунда баштап, 25 жашында биохимия боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 1988-жылы телевидение ааламына келип, Орусиянын эң ири каналы болгон "Биринчи каналдын" башкы директорлугуна чейин көтөрүлгөн.
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы Орусиянын баш калаасындагы "Автозаводск" метростанциясы менен "Павелецкий" станциясынын аралыгында Москва убактысы боюнча саат 8:30да чоң жардыруу болгон. Чечен террорчулары уюштурган жардыруудан 39 киши каза болуп, 120 киши ар кандай жаракат алган.