Ахматбек Келдибеков кесиптеши Абдрахман Маматалиевди кошоматчы катары айыптады

ЖКдагы “Ата Журт” фракциясынын 8-февралдагы жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков ЖКнын штаттык санын кыскартуу жана оптимизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыккан комиссиянын ишинин жыйынтыктарын фракцияга тааныштырбагандыгы үчүн кесиптеши Абдрахман Маматалиевди сынга алды.

Эмне үчүн силер биздин депутаттарды ал документ менен тааныштырган жоксуңар? Аталган комиссияга кирген биздин фракциянын депутаттары ал комиссиянын иш жыйынтыгына кол койгон эмес",- деп кесиптешин кошоматчы катары сыпаттады.

Айтылган сөздөрдөн кийин Абдрахман мырза Келдибековдон айткан сөзүн кайтарып алуусун талап кылды.

Бул ортодо депутаттар ортого түшүп, эки депутатты сабырдуулукка чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан