Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев салык чогултуу планы аткарылбаганы үчүн Бишкек мэриясынын ишин сынга алды
Бүгүн, 8-февралда Бишкек шаардык мэриясында 2012-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү. Ага катышкан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек шаары салык чогултуу жагынан башка аймактардан артта калып жатканын айтты. “Эмне үчүн башка аймактарда салык чогултуу боюнча план 100 пайыздан ашык аткарылууда? Мисалы, салык планын Бажы кызматы 100 пайыз, Социалдык фонд 106 пайызга аткарды. Бишкек мэриясы чогулткан салык 86 пайызды гана түзүүдө”,- деди Сатыбалдиев.