“ЖКга тиешелүү гараж менен пансионаттар сатылбашы керек”. Мындай пикирди бүгүн, 8-февралда депутат Майрамкүл Тиленчиева билдирди. Депутат кошумчалагандай, парламенттин түзүмү менен аппаратын мындан ары кыскартууга болбойт, ЖКнын каржы бөлүмүндө болгону 8 адам иштейт. Штатты андан ары кырскартуу туура эмес. ЖКда бүгүн ЖКнын түзүмүн оптималдаштыруу жана штатын кыскартуу боюнча түзүлгөн комиссиянын корутундусу талкууланды.