5-февралда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыраазычылык катын КРнын Вице-премьер-министри
Дамира Ниязалиева тапшырды. Ошондой эле КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча “Эң мыкты театралдык оюн-зоок мекемеси” номинациясы менен бирге 150 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.
Бул сыйлыктар 2014-жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленген мааракелик салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө уюштуруу иштери жана чыгармачылык жактан тейлөө боюнча жогорку деңгээлде кызмат көрсөткөндүгү үчүн тапшырылды.