Кыргызстан теннис боюнча дүйнөлүк рейтингде 63-орунда турат
5-ноябрда Эл аралык теннис федерациясы өлкөлөр арасында жаңы рейтингин жарыялады. Тизмеде Кыргызстан 63-орунда экени көрсөтүлгөн. Рейтингде коңшу өлкөлөрдөн Казакстан 24үнчү болсо, Өзбекстан 41-орунду ээлеп турат. Ал эми рейтингди Чехия жетектеп турса, Италия 2инчи жана Орусия 3-орунда жайгашкан.