Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек мэриясына шаардагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) өз карамагына өткөрүп алууну сунуштады. Ал мындай пикирин мэрияда өткөн коллегиялык жыйын учурунда билдирди. “Эгер мэрия ЖЭБди өзүнө өткөрүп алууга даяр болсо, анда мен бүгүн эле тиешелүү документке кол коюуга даярмын",- деди.