Ысык-Көл. Ак-Суу районунда картошка унун чыгаруучу завод ишке кирет

КРнын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы картошканы кайра иштетүүчү  “Тунук-Курулуш” ишканасынын курулушу менен таанышып чыгышты. “Чындыгында, бул ишкананын курулушунун башталганы эң жакшы жөрөлгөлөрдүн бири, себеби айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү - учурдун талабы”,- деди Оторбаев. Аталган ишкана Түштүк Кореянын колдоосу менен курулууда. Ишкана иштеп баштаса, суткасына 10-12 тонна картошканы кайра иштетип, анда картошка унун өндүрүү пландалууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан