2012-жылы Нарын шаарында жаш балдардын өлүмү кескин түрдө өскөн. Бул тууралуу Нарын шаарынын вице- мэри Салтанат Эсенаманова билдирди. Нарын шаары 2012-жылы жаш балдардын төрөлүүсү 2011-жылга салыштырмалуу 46 балага көп болгон. Маалыматтар боюнча, былтыр 14 жашка чейин каза тапкан өспүрүмдөрдүн саны 29 болгон, бул өткөн жылга салыштырмалуу 14 адамга көп. Ал эми 1 жашка чейин чарчап калган балдардын саны 24тү түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 адамга көп.