Бүгүн, 8-февралдагы сот ишинде депутат Камчыбек Ташиевдин өтүнүчүн сот канааттандырган жок. Айта кетсек, Ташиев 3-октябрдагы митинг боюнча жабырлануучу катары сотко катышып жаткан УМККнын 9-кызматынын төрагасы Замир Сабаевди психиатрдык экспертизадан өткөрүү өтүнүчүн билдирген болчу. Ал Сабаевдин сотто орунсуз, бийик тондо сүйлөп жатканын айткан. Кеңешме залында соттук курам депутаттын бул өтүнүчүн канааттандырбоо чечимин чыгарды.