Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген республикалык коллегиясында министрлик тарабынан бир канча мекемелерге сыйлыктар ыйгарылды. Бул тууралуу аталган министрликтен бүгүн, 6-февралда билдиришти.
Сыйлыктарды КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов тапшырды.
1. “Эң мыкты айылдык китепкана” – Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кулунду айылдык китепканасы – 30 миң сом;
2. “Эң мыкты айылдык Маданият үйү” – Нарын облустук Нарын районунун Эмгекчил айылындагы Маданият үйү – 30 миң сом;
3. “Эң мыкты айылдык Маданият үйү” – Талас облусундагы Кара-Буура районунун Шекер айылдык “Күркүрөө” Маданият үйү – 30 миң сом;
4. “Эң мыкты балдар музыкалык мектеби” – Жалал-Абад облусундагы Чаткал райондук Сумсар айылындагы балдар музыкалык мектеби – 30 миң сом;
5. “Эң мыкты гезит редакциясы” – Ош облусунун Араван райондук “Достук” гезитинин редакциясы – 30 миң сом;
6. “Эң мыкты китепкана” – Т.Сыдыкбеков атындагы Ысык-Көл облустук китепканасы – 50 миң сом;
7. “Эң мыкты маданият бөлүмү” – Ош облустук Өзгөн райондук маданият бөлүмү – 50 миң сом;
8. “Эң мыкты кинотеатр” – Чүй облусундагы Жайыл районунун “Жаштык” кинотеатры – 50 миң сом;
9. “Эң мыкты телерадиокомпания” – Нарын облустук телерадиокомпаниясы – 50 миң сом;
10. “Эң мыкты Маданият үйү” – Чүй облустук Аламүдүн районундагы Маданият үйү – 50 миң сом;
11. “Эң мыкты окуу жай” – Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы – 50 миң сом;
12. “Эң мыкты китепкана” – К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасы – 100 миң сом;
13. “Эң мыкты музей” – КРнын Мамлекеттик тарых музейи – 100 миң сом;
14. “Эң мыкты окуу жай” – К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы – 100 миң сом;
15. “Эң мыкты тарыхый фильм” – “Курманжан датка” тасмасы, Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы – 100 миң сом. Коюучу-режиссёр – Садык Шер-Нияз;
16. “Эң мыкты театр оюн-зоокторунун мекемеси” – Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы - 150 миң сом.