
* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-4-чакырылыштарынын депутаты, Бишкектин экс-мэри, меценат
Аскар Салымбеков Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. Дене тарбия институтунда Комсомол комитетинин катчысы болуу менен эмгек жолу башталган. Кийин Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин аппаратында бөлүм башчы, Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1991-жылы Бишкек шаарында "Дордой" базарын негиздеген. Аскар Салымбеков 1999-жылдан 2005-жылга чейин Нарын облусунун губернатору болуп иштеген. Ошондой эле ал - республиканын Спорт боюнча журналисттер федерациясынын президенти, "Көк бөрү" оюнун жаңыча уюштуруунун демилгечилеринин бири.

* Мындан 574 жыл мурун, 1441-жылы орто азиялык акын жана ойчул
Алишер Навои (чын аты-жөнү Низамаддин Мир) Герат шаарында туулган. Атасы Гыйаседдин Кичкина Хоросанга жакын жайгашкан Сабзавор шаарынын башкаруучусу Абылкасым Бабурдун сарайында кызмат кылган. Алишердин апасы сарайдагы султандарга сүт энелик кылып, балдарды багышканга жардам берген. Бул жагдай Алишердин сарайда султандар менен бирге чоңоюшуна шарт түзгөн. Сарайда балдар бала кезинен фарс тилин үйрөнүшүп, фарсча чыгармаларды окуп тарбияланышкан. Алишер да алар менен кошо кичине кезинде фарсча окуп-жазганды үйрөнгөн. 1469-жылга чейин ар түрдүү кызматтарды аркалаган Алишер ордодо катчы болуп иштей баштаган. Адилеттүүлүгү жана калыстыгы менен элдин алкоосуна татыган. Бир топ мечит, медресе, көпүрө жана ооруканаларды салдырган, калктан жок жерге салык жыйнаган өкүлдөргө каршы чыгып, калктын сөзүн сүйлөгөн. 1498-жылы мамлекеттик кызматтан кетип, кээ бир маалыматтарда 1501-жылдын 12-январында 59 жашында дүйнөдөн кайткан деп айтылса, көпчүлүгүндө 3-январда көз жумган деп жазылган.
* Мындан 106 жыл мурун, 1909-жылы лондондук сот аялдардын укугун чектеген мыйзам чыгарган. Жаңы мыйзамга ылайык, аялдар ажырашуу укугунан айрылышкан. Ал түгүл күйөөсү аялын таштап кетсе да, келинчек ажырашуу маселесин козгой алган эмес.

* Мындан 17 жыл мурун, 1998-жылы Грузиянын президенти
Эдуард Шеварднадзеге Тбилиси шаарында кол салуу болгон. Тбилисинин борбордук көчөсүндө президенттик кортежге гранатомёт жана автоматтык куралдан ок атылып, бирок брондолгон Мерседес Эдуард Шеварднадзенин өмүрүн сактап калган.