Бүгүн, 8-февралда Ысык-Көл облусунда 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын болуп өттү. Ага биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов, облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жылдын жыйынтыгы тууралуу Мирбек Асанакунов көйгөлүү маселелерге токтолуу менен бир катар жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ал эми облус боюнча айыл чарба дүң продукциясынын өсүү ыргагын төмөндөткөнү үчүн Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондук администрацияларынын башчыларына эскертүү берилди. Мындан сырткары эгин талаасына күздүк себүү боюнча берилген тапшырманы аткарбаганы үчүн Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына сөгүш жарыяланды. Мындан башка да бир топ жетекчилерге эскертүү берилгенин билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова.