"Ата журтчу" депутаттарга байланыштуу сотто жабырлануучу Адилет Рысалиев 3-октябрдагы митингде башына таш тийип жыгылганын айтты

"Ата Журттагы" 3 депутатка карата козголгон кылмыш ишинин негизинде өтүп жаткан сотто жабырлануучу катары Адилет Рысалиев аттуу милиция кызматкери көрсөтмө берди. Ал 3-октябрдагы митингден жапа чеккенин төмөндөгүчө түшүндүрдү: "Митингдин катышуучулары бизди сүрүп келип, Ак үйдүн тосмосуна такалып калдык. Ошол учурда башыма 2 таш тийип эсимди жоготуп жыгылып калдым. "Тез жардам" менен 4-шаардык ооруканага алып барышты". Рысалиев башына тийген соккудан мээси чайкалганын, бирок айыпталуучуларга дооматы жок экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан