Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын ичинде көмүргө болгон эң жогорку баа Баткен облусунда катталганын билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы. Өкмөттүн маалыматына ылайык, аталган аймакта көмүрдүн 1 тоннасы 3500-9000 сом болууда. Ал эми Ош облусунда - 2900-7000 сом, Жалал-Абад облусунда - 2500-5500 сом, Ош шаарында - 5500-6200 сом.
Мындан сырткары Ысык-Көл облусунда 1 тонна көмүрдүн баасы - 3100-6000 сом, Нарын облусунда - 1300- 3500, Талас облусунда - 3200- 5300 сом, Чүй облусунда - 2800-4100 сом, ал эми Бишкекте 2900-3200 сомду түзүүдө.