Лос-Анжелесте “Грэмми-2015” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө

Бүгүн, 9-февралда Лос-Анжелесте “Грэмми-2015” абройлуу сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө. Бул кечеде жалпы 83 статуэтка тапшырылса, алардын 70и концерттин жүрүшүндө ыйгарылат. Кечеде алып баруучулук милдетти 4-жолу америкалык хип-хоп ырчысы ЭлЭл Кул Жей (LL Cool J) аркалайт.

Кечеге биринчилерден болуп келишкен ырчылар Мадонна, Келли Осборн, Гвен Стефани, Ариана Гранде жана башка атактуулар кызыл килемден өтүштү.  

Чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышкандай, ырчы Сэм Смит бул жылы көптөгөн номинацияларга талапкер болууда. Алсак, британиялык ырчы “Мыкты жаңы артист”, “Жылдын ыры”, “Жылдын мыкты жаздыруусу”, “Мыкты поп-аткаруучу”, “Жылдын альбому”, “Мыкты вокалдагы поп-альбом” номинациялары боюнча ат салышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан