Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын студенттерден куралган “Чеберлер” театралдык тобу Ысык-Көл облусун кыдырып элге концерт тартуулоодо. Бул тууралуу аталган топтун жигиттери билдиришти. Белгилүү болгондой, жаңы куралган топто 12 жигит бар. Мындагы жигиттер таланттуу кыз-жигиттерди топко кошуп алуу пландары бар экенин кошумчалашты.