Энергетика жана өнөр жай министрлиги республика боюнча электр энергиясынын керектөө чегин карап чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов билдирди. Айтымында, аба ырайы жылуу болгондуктан, аймактарда электр энергиясын керектөө ченеминен ашпай бир калыпта кармалып турат. “Ал эми Бишкекте электр энергиясын керектөө мурда ченемден кандай ашып жүрсө, азыр деле ошондой”,- деди министр.