Жылнаама, 10-февраль: Мындан 92 жыл мурун рентгенди ойлоп тапкан улуу немис физиги Вильгельм Рентген рак оорусунан каза болгон

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы акын, публицист, адабият таануучу, журналист, окумуштуу жана коомдук-саясий ишмер Салижан Жигитов көз жумган. Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган. Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган. Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 
* Мындан 92 жыл мурун, 1923-жылы физика боюнча 1901-жылдагы алгачкы "Нобель" сыйлыгынын ээси, рентгенди ойлоп тапкан улуу немис физиги Вильгельм Рентген 77 жашында рак оорусунан каза болгон. Рентгенди ойлоп табуу менен Вильгельм Рентген 20-кылымдын башында физика тармагында революция гана жасабастан, медицина тармагында да чоң ачылыш кылган. 
 
* Мындан 70 жыл мурун, 1945-жылы советтик С-13 суу астында жүрүүчү кемеси Германиянын "Генерал фон Штойбен" жүргүнчү ташуучу лайнерин чөктүрүп жиберген. 15 мүнөттө чөгүп кеткен кемеде болгон 4267 кишинин 659у гана аман калган. 
* Мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы сууда сүзүү боюнча 9 жолку Олимпиада чемпиону, америкалык сүзүүчү Марк Спитц АКШнын Калифорния штатындагы Модесто шаарында туулган. Марк Спитц спорттон 1972-жылы 22 жашында Мюнхенде өтүп жаткан Олимпиада оюндары учурунда кеткен. Дал ошол Олимпиада оюндары убагында палестиналык террорчулар тарабынан теракт болуп, израилдик 11 олимпиадалык делегациянын өмүрү кыйылган. Ал Марк Спитцтин спорттон кетүүсүнө себеп болгон.
10-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан