Бишкекте таксистти бычак менен коркутуп, унаасын тартып алууга аракет кылгандардын бири кармалды

Бишкекте таксистти бычак менен коркутуп, унаасын тартып алууга аракет кылгандардын бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-февраль күнү саат 20:00 чамасында белгисиз 3 адам такси токтотушуп, белгиленген жерге жеткирүүнү суранышкан. Кийин жолдо айдоочуну бычак менен коркутушуп, унаасын тартып алууга аракет кылышкан. Унаа шек жараткандыктан, милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Аларды кармоо учурунда кылмышка шектүүлөрдүн экөө качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Учурда 1986-жылы туулган М.Б. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Deesmond
2015-02-10 00:11:18
Соттоооп соттоп тыгып коюшса ушундай кутурган акмактарды
+1
Abdyrawit
2015-02-10 00:40:25
Американский кинолорду көрүшүп, кайталагандар күйдүрдү
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан