Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын Жакшылык аттуу тургуну 3 миң сом карызын төлөй албай калып, мунун айынан өз өмүрүнө кол салган. 27 жаштагы тургундун артында 1 кызы жана 1 уулу калганын SUPER.KG порталына өздүк булактарыбыз билдиришти.
Берилген маалыматка таянсак, маркум кечээ, 8-февралда өз жанын кыйган. "Мындан 1,5 ай мурун Жакшылык бир таанышынан карызга 3 миң сом алыптыр. Кийин ошол сумманы көтөрүп алып барса, карызга берген киши аласасы 20 миң сомго жеткенин айтат. Андан кийин Жакшылык талаада кой кайтарып жүрсө, карыз берген тургун 1 кой алып кетиптир. 1 койдун дайыны чыкпай калгандыктан, ата-энеси уулунан сурашкан. Ал чындыкты айтпай, "жоголуп кетти" деген жоопту берет. Өзү өлгөн күнү анын чөнтөгүнөн кимден карыз алганы, койдун кайда жоголгону жана канча сом карыздан кутулуу керектиги жазылган кагаз табылган",- дейт өздүк булак.
"Кыргызчылыкка салып, коомдо мындай окуялардын жашырылып жатканы өкүндүрөт. Маркумдун таякеси милицияга арыз жазылбаганын айтты. Ошондой эле айылдын молдосу "өз жанын кыйган адамга жаназа окубайм" деп келбей коюп, башка айылдын молдосун алып келишкен экен",- деп кошумчалайт өздүк булак.