|
Нурлан Насип
Бардык видеолор: 41
Бардык аудиолор: 92
00:03:42
00:03:25
00:04:05
00:04:22
Мирбек Атабеков, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип, Темир Назаров, Урмат Усенов, Неля, Анжелика, Кайрат Примбердиев, Ильяз Абдыразаков, Омар, Арсен, Аско, Джонни, Нурсултан Азыкбаев, Ислам Акматов, Бек Исраилов, Жийдеш, Малика Дина, Тынай Алыбаев, Мирбек Атабеков, Мирбек Атабеков, Айбек Замиров, Бактыгүл Бадыева, Чырмаш Төрөбеков, Айымжан, Бегиш, Баястан, Мирбек Атабеков "Бар болгун Элим"
00:03:40
00:04:44
00:03:54
Сөзү : А. Рыскуловдуку
Обону : А. Сардарбековдуку
Сөзү : Марат Осмоновдуку
Обону : Алтымыш Кадыровдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Назым Арапбаеваныкы
Обону : Бауржан Эсебаевдики
Тагдырым экен таңдарды сенсиз атырдым,
Унутайын деп көңүлдө жанган отумду.
Жол карап күтүп жүргөндүрсүң сен ардагым,
Жүрөгүңө тумардай жазып атымды.
Жетейин десем жете албай,
Жүргөн жазыгым.
Сүйүүктүү элем периштедей ак элең,
Эңседим го кайда жүрсөң ашыгым, асылым.
Толкуттуң мени эсиме түштүң термелип,
Асылым менин кадырың билдим мен сенин.
Кечирчи жаным кайрылбас кайра көктөмүм,
Кечирчи мени жоготкон өмүр өрнөгү.
Жетейин десем жете албай,
Жүргөн жазыгым.
Сүйүүмдү дем периште дей ак элем,
Эңседим го кайда жүрсөң ашыгым, асылым.
Аккууң элем, ак мөлүң элем,
Ашыгым теңим, асылым менин.
Кыялым менин, сураарым менин,
Арманым, ардагым.
Жетейин десем жете албай,
Жүргөн жазыгым.
Сүйүүктүү элем периштедей ак элем,
Эңседим го кайда жүрсөң ашыгым, асылым.
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Адаштырып мени ар качан,
Азаптаптарга жаным салбасаң.
Өкүнүчтө калып сыздап калсамчы,
Өмүрүмдун бүтүн эй, өмүрүмдүн бүтүн ий
Өмүрүмдүн баарын сизге арнасам.
Карындаш кимди сүйөсүң ээй?
Сизди гана.
Чынын айтчы кимдеп жүрөсүң?
Сиздеп гана.
Кара жаным карандай жаным,
Анда алып качпа көздөрүң,
Бери кара, мени кара, бери кара эээээй
Сиз турмушта мени төктүрбөй
Сактап калдыңыз мени чөктүрбөй.
Карагым кантип жазылам өзүңө
Капырай качып иий, капырай качып иий
Капырай качып жүрсөн өптүрбөй, эээээй
Агажан кимди сүйөсүз ээй?
Сени гана
Чынын айтчы кимдеп жүрөсүз?
Сендеп гана
Кара жаным, карандай жаным
Анда алып качпа көздөрүң
Бери кара, бери кара, бери кара эээй
Күлкүм кетип күзгө өңдоном
Күйутүмө көңүл бөлбөсөң.
Ишенем кантип курулай сөздөргө
Көзүңүздү сиздин ээй, көзүңүздү сиздин ээй Көзүңүздү сиздин сүйүп көрбөсөм
Сөзү : Кудурет Тайчабаровдуку
Обону : Нурлан Насиптики
Сөзү : Руслан Нарынбаевдики
Обону : Руслан Нарынбаевдики
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Рысбек Аташ
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Айт, неге, эмнеге айдай жүзүңдү сен менден жашырып алдың?
Ансайын азгырып барасың.
Ким үчүн, не үчүн берген белектериме эч көңүл бурбадың?
Ойлонуп чын эле чарчадым.
Карап, карап керилесиң, мадам,
Басасың жанымдан.
Чачтарың жазылган,
Карап, карап, жаным, сүйгөн жамалыңды,
Сылап өткөн салкын желден кызганып барам.
Кайырма:
Алдап, алдап, неге мени сезбей койдуң?
Ах, жүрөктү ойдуң.
Кайра мага жылмаюуңду дагы сездим
Эх, жүрөктү эздиң.
Жок дебе, издебе шылтоо кылып менден, жаным, алыстай бербе,
Билемин сүйөсүң сен мени.
Байкатпай беймарал жүрөсүң го, а бирок сен жолуксам дейсиң,
Кантсең да жашырба сезимди.
Карап, карап керилесиң, мадам,
Басасың жанымдан,
Чачтарың жазылган.
Карап, карап, жаным, сүйгөн жамалыңды,
Сылап өткөн салкын желден кызганып барам.
Кайырма:
Алдап, алдап неге мени сезбей койдуң?
Ах, жүрөктү ойдуң.
Кайра мага жылмаюуңду дагы сездим,
Эх, жүрөктү эздиң.
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Кайрат Примбердиевдики
Сөзү : Надырбек Алымбековдуку
Обону : Каныкей Эралиеваныкы
Ыймандан дилиң тазарат,
Ырлардан көңүл жашарат.
Ыр менен жашап түбөлүк,
Ырдалып бүтпөйт махабат.
Арзуудан өмүр жашарат,
Арзуудан жүрөк наз алат.
Армандуу дүйнө кимде жок,
Айтылып бүтпөйт махабат.
Күндө өтүп турса сапар бат,
Күлгүн жаш келбейт катарлап.
Гүл азык болуп өмүргө,
Гүл бойдон калат махабат.
Сөзү : Кудурет Тайчабаровдуку
Обону : Нурлан Насиптики
Сөзү : Жакшылык Жумабеков
Обону : KG Эльмурат
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Нурлан Насип, Эдил Маматовдуку
Сен, мм жүрөгүмдү ээлеген,
Сүйгөнмүн тандап өзүңдү мен берекем.
Сен, мм сезимимди ээлеген,
Сендикмин жаным, жалгызым ай, эркелеген....
Кайырма:
Бийигимсиң мен үчүн,
Дүйнөмө жаз тартуулаган,
Бакытымсың берген сүйүү,
Мен үчүн жаралган...
Жаным, мм жамалыңа суктанып,
Жароокер, жалгызымсың деймин кубанып.
Мен, мм мээримиңе оролом,
Мен үчүн жазган ырларың угуп, мен ойгоном.
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : Нурлан Насиптики
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Сөзү : Марат Алыбаевдики
Обону : Марат Алыбаевдики
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөздөрүм ырларымда угуп кой,
Жетинип айта албаган
Келечек күнгө болбо сен тоскоол,
Өткөнгө кайтып бара албайм.
Алгачкы махабатты берген деп
Өзүңдү эч жашыра албайм.
Ашыктар болгонбуз биз ээрчишкен,
Ал күндөр эми кайтпаган.
Кайырма:
Мени унут, сен менсиз жаша, өкүнбө,
Мени унут, сүйөм деп эстеп, өксүбө.
Мени унут, ыйлаба, көз жашың төкпө,
Мени унут, убакыт дары күндөргө.
Сезимдер сага деген муздады,
Көңүлүм жүрөт тартпай.
Мендеги жашаган сүйүү бүттү,
Эми кайра ал жаралбайт
Жүрөктө жылуулук калды өчүп,
Сагынбай калдым сагынбай.
Себебин билесиң ичтен туюп
Ал күндөр кетти, кайрылбай.
Кайырма:
Сөзү : Ринат Зайтовдуку
Обону : Данияр Шеңгелбаевдики
Бакыттын багын аралап,
Жүрөктөрдө сезим жаралат.
Кубаныч коштоп өмүрүңдү,
Ашыктык бакытты бере алат.
Калкып учкан сымал асманда бийик
Кыялымды сууруп.
Керемет го чындыгында,
Бир өмүр жүрсөң сүйүп.
Кайырма:
Ашык болуу, ашык болуу
Жашоону оро жалын-нурга.
Ашык болуу, жашып коюу,
Сүйгөнүңө жолугууга.
Сен баалай бил,
Сен арнай бил, сезим жандаганда.
Ашып болуу ачып берүү жүрөгүңдү бир адамга.
Ашык болуу деген сыйкыр сезим эгер билсең,
Канат байлап алып учат куса болуп жүрсөң.
Жалгыздыкта калган кезде жүрөк сыздап турат,
Сагындырат, жалындырат.
Убагында сездим, ашыктыктын даамын,
Сезим келер менен мага унуттум го баарын.
Махабаттын өзүн бакыт десем,
Ашык болуп жүрүү өзү бакыт экен.
Махабат бакыт барагы,
Ашык болуу жүрөк талабы.
Себепкер болсо сүйүүбүз,
Тагдырды бирге жазайлы.
Тунук сүйүү барда жүрөктөр тоңбойт,
Мерездик болбойт.
Ашыктарды ар дайым,
Жараткан өзү колдойт.
|