Эки буту баспаган 1-топтогу майып Айзада ары-бери кыбырап жылып үй оокаты менен алек. Төрдө бешикте жаткан наристе “бешиктен чеч” дегендей үйдүн тынчтыгын бузуп ыңаалап ыйлайт. Энеси бешиктен чечип эмчегин салса, сүттү жутууга үлгүрбөй энтиккен наристе кичинекей көздөрүн ирмеп коюп эч нерседен капары жок. Тагдырдын оор сыноосуна далай калчанган Айзада баласынын жатына тойбой, баарын унутуп,
0
Ilgizbek
2014-09-04 00:44:18
өзүн бактылуу сезип жашап жаткан учуру. Бул кичинекей батирде эне-баланын жашоосу ушундай нукта өтүп келет...Нарматов Илгиз.
Урматтуу достор, бул эне-баланын тагдыры сизди кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Эгерде жардам берүүнү кааласаңыз Айзада менен байланышыңыз. Байланыш телефону: 0778 76 80 86, 0705 76 91 94
0
Nookat TB
2014-09-04 10:30:28
Кандай гана журокту титиреткен видео жардам бергендерге АЛЛА разыболсун Кыргыз элимде колунда бар адамдар коп жардам берет деген ойдомун Баары жакшы болот,жакшылыктан умут узбогуз эжеке.
0
Nookat TB
2014-09-09 13:15:12
Урматту Супер Инфо жамааты сиздерден сураныч сиздердин сайтыныздарга каттого турган мекендештер биригип ушул эжеге жардам берсек болобу? Мисалы жазылган номер аныкы болсо ким калаганча акча салсак 50,100,150,200,сом дегендей ошол салынган акчаны сиздер мобилдик оператор менен суйлошуп ошол номерге тушкон акчаны накталай кылып берсе болобу