Сөзү : К. Өcкөнбаеваныкы
Обону : А. Бержибаевдыкы
Сүйүүңдүн жалыны болсом деп,
Жүрчү элем, күтчү элем.
Суктантып көңүлгө толсом деп,
Эстесем мен сүйчү элем.
Адашпайм эми, кыйнабайт мени,
Көздөрүң күлө караган.
Кайырма:
Мейли сенсиз калсам, сүйүүңсүз жашасам
Кайгырбаймын, таарынбайм.
Ай-күнгө теңеген, берекем сен элең
Баркыма менин жетпеген.
Башкага, а балким башкача,
Көз карашың, сөз айтканың.
Муздаксың мен үчүн дайыма,
Сынып шагым, сыздаттың.
Бул сезим жалган, кантип унутам,
Көздөрүң күлө караган.
Кайырма:
Мейли сенсиз калсам, сүйүүңсүз жашасам
Кайгырбаймын, таарынбайм.
Ай-күнгө теңеген, берекем сен элең
Баркыма менин жетпеген.
Адашпайм эми, кыйнабайт мени,
Көздөрүң күлө караган.
Кайырма:
Мейли сенсиз калсам, сүйүүңсүз жашасам
Кайгырбаймын, таарынбайм.
Ай-күнгө теңеген, берекем сен элең
Баркыма менин жетпеген.