Дайыр Исмадияров Кара көзүм

Жүктөлгөн: 06-04-2010
03:20
50.14 Мб
Жанр: Поп
Дайыр Исмадияров "Кара көзүм"
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Нурлан Насиптики
Татына болуп көздөрүмө көрүнөсүң,
Апакай болуп бир өзүнчө чүрөктөйсүң.
Суктанып мен ой көлүнө чөмүлөмүн,
Асылым, ай жүзүңө.
Жылдызындай жымыңдайсың көз алдымда,
Тартасың сен махабаттын булагына.
Арбалып мен бир өзүңдүн кучагыңа,
Байландым тузагыңа.

Кайырма:
Кара көзүм, карегиңден айланамын,
Кара көзүм, күндөй болуп татынасың.
Сезимдерим учат сага алоолонуп,
Жүрөгүмдө сенсиң, менин махабатым.

Мөлтүрөгөн көздөрүңө суктанамын,
Ак куудай сенин ажарыңа багынамын.
Көздөрүңө тик карабай тайсалдаймын,
Кара көз, бир өзүңө.
Ырдасам мен ырларымды сага арнаймын,
Жүрөгүмдө жалын болуп сен жашайсың.
Карагаттай көздөрүңө арбалып мен,
Асылым, ай жүзүңө.

Кайырма:
Кара көзүм, карегиңден айланамын,
Кара көзүм, күндөй болуп татынасың.
Сезимдерим учат сага алоолонуп,
Жүрөгүмдө сенсиң, менин махабатым.
Комментарийлер (129)
lira
2010-12-05 01:11:48

Monotonduu yr eken go.Uykum kelip ketti da.
0
Strateg
2010-12-14 09:52:42
Үнү чын эле жок экен.
0
tori
2011-10-26 21:24:29
Strateg, эми башка кычык таппай унуно асыла баштадынбы?
0
baibolot uulu azamat
2010-12-28 20:21:00
Ыр КЕРЕМЕТ!! Ийгилик Дайыр тага... Үнү дагы сонун болуптур! КОРОЧЕ ПЕСНЯ СУУУУПЕЕР! Ставлю 1000000000+++++++
0
Bemus
2011-01-11 01:51:12
Очень хорошая песня.и клип нормальный!девушка очень милая)но я жду от него ещё большего!удачи Дайыр.
0
Gulnaz
2011-01-17 23:19:28
Соз жок..... Мен суйгон ыр...
0
jalyn
2011-03-12 20:16:17
Дайыр молодец ушул ырын мага абдан жагат сууууууупер
0
PATRIOT_KG
2011-08-29 17:36:50
Эркек!!! Дайыр дайыма ушундай озгочо, купуясырдуу
0
rokossovetz1987
2012-05-01 23:18:16
Бул ырды уксам,кызыма куда тушуп,сойко салып, кызым экобуз, Бозтериде колго тушуп, эс алган кундорубузду эстейбиз. Романтикалык кундор. Дайыр азаматсын,жигит! Сага ийгилик!
0
rokossovetz1987
2012-05-01 23:31:13
Урматтуу комментаторлор,клип арзан тартылыптыр,жакпай калды,уну жок,ырга тушунгон жокмун,вокалды окуучу деп сынтакпагылачы. Кыйын болсон озун ырдап чык. Сен ал ырды критиковайтет бары бир башкача ырдап,клипти озгортуп тартпайтда. Болгон иш болду,не кереги бар туштон кийин кыйын болбой
0
guzu77777
2013-04-24 16:09:12
55555555555555555
0
Ali00
2013-07-13 02:08:47
эски ыр эстен кетпейт
0
kara_kulzha
2014-06-12 16:09:07
бул врдан тажабаймго
0
Jibulina
2014-09-09 16:01:17
молодец сонун ыр
0
Key-KO
2014-10-03 15:51:18
голос, композиция, клип ВСЕ все все шикарно.....
0
http
2014-12-19 11:38:04
Ушул ыр жагат экен корсо мага :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан