Асель Кадырбекова, Нурлан Насип Жакшы көрөм түбөлүк

Жүктөлгөн: 02-09-2014
03:44
47.24 Мб
Жанр: Поп
Асель Кадырбекова , Нурлан Насип "Жакшы көрөм түбөлүк"
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Күлсөң эгер назарыңдан,
Күн шооласы чачылат.
Күлмүңдөгөн ажарыңдан,
Көңүл чери жазылат.

Карегиңде бир сырың бар катылган,
Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган.

Кайырма:
Селкинчек сезимдерге күүлөнүп,
Сейил куруп жүрөлүк.
Сырымды ачык айтсам жашырбай,
Сага сүйүүм түбөлүк.
Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп,
Жанашып биз жүрөлүк.
Жан дүйнөм ашыктыкка берилип,
Жакшы көрөм түбөлүк.

Жылытасың илебиңе,
Жалындаган от сындуу.
Жакындашып тилегиме,
Жаштыкка нур коштуңбу?

Бийиктеги махабат жылдызымды,
Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?

Кайырма:
Комментарийлер (83)
feruza86
2014-09-21 00:18:21
эми экоонун тоюн кутобуз
+2
aitowa11
2014-09-24 14:01:08
Ушулар уйлонот эми экоо бактылуу болушсун
0
stepboy
2014-09-26 03:35:11
Алексанын ыры бар "где же ты" деген ошол клипти корсонор Тимати менен тартылган ошонун копиясы эле болуп калыптыр го бул клип
0
aykyz
2014-09-26 15:56:59
тушунсом олойун клип эмне тууралуу болгонун.
0
gulperi92
2014-10-12 12:07:09
ушул ырды уккандан эч жадабайм.ото соонун ыр ийгилик Нурлан Асель
0
nazya5
2014-11-13 23:17:54
Нурлан аябай жакшы жигит, жонокой, жанындагы Асели эле жасалма, жасап суйлойт, ун деген ноль, и экоо такыр эле пара эмес. Асель жабышып журуп эле тиет болуш керек Нурланга. Окунучтуу ушундай жакшы балдарга ушундай кыздар туш келип калганы. Ойлон Нурлан! Ойлон!
+2
lusi2013
2014-12-10 19:38:55
Бактылуу болушсун. Уйлонсонор баланар бомпошка болот буйурса)))
0
Aidana.96
2014-12-11 10:44:16
Биз ырчылардын жеке жашоосуна кийлигишууго укугубуз жок. Нурлан байкенин уну жакшы.Ийгилик каалайм.Асел эже дагы таланттуу ырчы.
0
Dakument
2014-12-11 12:02:30
Бул клиптин башында килейлен "ляп" бар экен. 20- секундада Нурландын оң колундагы саат 26 - секундада сол колуна тагылып калыптыр. Оң колдо гүл пайда болуп)) Чөнтөккө сайылган көз айнек оордунда эле турат)))
0
Janylai2012
2014-12-22 16:54:27
ыр супер нурлан жакшы бала экени жузунон эле корунуп турат экоо сонун пара
+4
Zari2013
2014-12-23 21:25:36
жылдын супер клибине татыктуу! Куттуктайм!
+5
ABU
2015-01-17 16:46:43
Sonun boluptur birok Asel oto ele makuyaj dep koichu bele owonu kop kylyp salyptyr. Kyskasy oto boenup koiuptur. Ozunon figurasy anan unu ele kalgandai :). Taarynbasyn .
0
admin_media
2015-08-11 12:24:45
Apache,
Такталбаган маалымат жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт! 10 күн БАНга!
0
magbet
2016-01-31 21:51:57
Экоо бири бирине жакшы жарашышат эле. суйлошпой калып жаман эле болду. Менин лично ичим ачышты.
0
Ailo
2016-03-16 15:36:53
Сонун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан